Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Каракол шаарына мэр болушу мүмкүн делген талапкерлердин тизмеси

Turmush -  Каракол шаардык кеңешинин депутаттары мэр Данияр Арпачиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Бирок айрым маалыматтарга караганда, өкмөттө Д.Арпачиевди кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол коюла элек.

Шаардык кеңештин депутаттарынын арасында Каракол шаарынын мэри кызматына болжолдуу талапкерлердин ысымы айтылып баштады. Алар:

- Каниметов Адыл Жанкорозович, шаардын биринчи вице-мэри;

- Калмакиев Каныбек Турсуналиевич, Ысык-Көлдөгү кичи насыя агенттигинин башкы директору;

- Өскөнбаев Сеит Садырович, шаардык кеңештин депутаты («Республика – Ата-Журт»).

Буга чейин Каракол шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 31-июлда шаардык кеңештин депутаттары 21-сессияга чогулуп, күн тартибинде 25 маселе каралган. Алардын бири Каракол шаарынын мэринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

Бул сессияга шаардык кеңештеги 31 депутаттын чиинен 30 эл өкүлү катышып, анын ичинен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 28 депутат мэрге ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Ал эми 2 эл өкүлү каршы чыгышкан. Эл өкүлдөрү мындай кадамды мэрдин шаардын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча тапшырган отчёту канааттандырарлык болбогону менен байланыштырууда.

Ал эми Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев отставка тууралуу 2018-жылдын февраль айында эле арыз жазганын айткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 852
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×