Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.08.2018 16:29

Кызганычтан өрттөгөн: Караколдо бычакталып көз жумган экс-директордун үйүн өрттөгөн жигиттер кармалды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында кызганычтан улам сүйлөшкөн кызынын батирин өрттөөгө шектелүү делип жаш жигит тууганы менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматына 6-августта саат 03:30 чамасында көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милициянын оперативдүү тобу барган. Өрт өчүрүүчүлөр тартылып, өрт өз убагында өчүрүлгөн.

Өрткө каршы кызматынын эксперттери өрт атайын коюлган деп болжолдошкон. Милиция кызматкерлери батирдин ээси — Каракол шаарынын 38 жаштагы тургуну экенин аныкташкан. Буга чейин батир медициналык колледждин экс-директору, маркум Анарбүбү Апсалиевага тиешелүү болгон.

Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери өрттөөгө шектүү деп 18 жаштагы Ж.Акжолтой жана тууганы — 19 жаштагы М.Адилет аттуу жигиттерди кармашты. Алар кылган кылмыштарын өз мойнуна алышкан.

Көрсөтмө учурунда белгилүү болгондой, Ж.Акжолтой өзүнүн сүйлөшкөн кызын (Анарбүбү Апсалиеванын кызы) кызганып, андан өч алууну чечкен. Ал тууганы менен үйдө эч ким жок экенинен пайдаланып, батирге балкон аркылуу кирип, кыздын бөлмөсүнө бензин чачып өрттөп жиберген.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен (атайын өрттөө) кылмыш иши козголду. Шаардык соттун чечими менен шектүүлөр үй камагына чыгарылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×