Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 08.08.2018 15:17

Пляждагы рейд: Балыкчыда катамаран, кайыктардын кеме билеттери эски экени аныкталды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында «Сейил», «Толкун», «Почта» эс алуу пляждарында рейд жүргүзүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, рейдге ӨКМдин Балыкчы шаарындагы бөлүмүнүн, Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн, Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, мэриянын, социалдык өнүгүү башкармалыгынын, Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Рейддин жүрүшүндө пляждардагы катамаран, сууда сүзүүчү кайыктардын документтери, куткаруучулардын даярдыктары, иш алып баруулары, тосмо белгилери коюлганы, коопсуздуктун алдын алуучу, тыюу салуучу плакаттардын илингени текшерилди. Ал эми комиссия мүчөлөрү эскертүү белгилерине көңүл буруп, сууда сүзүүнүн эрежелерин сактоого чакырышты.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Балыкчы шаардык инспектору Н.Казакбаев эс алуучу пляждардагы катамаран, сууда сүзүүчү кайыктардын документтерин текшерүүдө 2017-жылкы, жаңыланбаган «Кеме билеттери» менен 2 факт катталып, аларга кайра жаңыдан кароодон өтүүгө актылар берилип, тууралоо боюнча жобо кагаздары берилгенин билдирди.

Ошондой эле ал куткаруучулар бардык пляждарда бар экенин, бардык жерде коопсуздуктун алдын алуу чаралары көрүлүп жатканына күбө болгонун айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×