Айыл турмушу: Жети-өгүздүк Т.Мамытов 30 жылдан бери тоолуктарды электр энергия менен камсыздайт (фото)
Turmush - Жети-Өгүз районунун 59 жаштагы тургуну Тилек Мамытов дээрлик 30 жылдан бери алыскы сырт өрөөнүндө электрик болуп иштеп келет. Айыл тургуну менен аймактык кабарчы таанышты.
Өзүнүн айтымында, ал Кара-Сай айылындагы көмөк чордондо 25 жылдан бери иштеп келет.
«Райондон алыс, тоолуу, кышы катаал жана узак болгон аймакта иштөө мен үчүн сыймык. Бул жер ата-бабаларым жердеп кеткен жер. Аймактын климаттык шартына да көндүм. Кара-Сай көмөк чордону Ак-Шыйрак айылын жана Кара-Сай чек ара тозотун жарык менен камсыз кылат. Оңдоо иштерин өзүм жүргүзөм. Айрым учурда адистер келип оңдоп беришет. Аймакта жарык өчпөсүн деп аракет кылам», - дейт ал.
6 баланын атасы Т.Мамытов жубайы Канымкан Ботбаева менен биргелекте тоодо балдарын өстүрүп, баардыгы өз жолуна түшүп, билимдүү болгонун белгиледи.