Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.08.2018 13:51

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк Т.Мамытов 30 жылдан бери тоолуктарды электр энергия менен камсыздайт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун 59 жаштагы тургуну Тилек Мамытов дээрлик 30 жылдан бери алыскы сырт өрөөнүндө электрик болуп иштеп келет. Айыл тургуну менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Кара-Сай айылындагы көмөк чордондо 25 жылдан бери иштеп келет.

«Райондон алыс, тоолуу, кышы катаал жана узак болгон аймакта иштөө мен үчүн сыймык. Бул жер ата-бабаларым жердеп кеткен жер. Аймактын климаттык шартына да көндүм. Кара-Сай көмөк чордону Ак-Шыйрак айылын жана Кара-Сай чек ара тозотун жарык менен камсыз кылат. Оңдоо иштерин өзүм жүргүзөм. Айрым учурда адистер келип оңдоп беришет. Аймакта жарык өчпөсүн деп аракет кылам», - дейт ал.

6 баланын атасы Т.Мамытов жубайы Канымкан Ботбаева менен биргелекте тоодо балдарын өстүрүп, баардыгы өз жолуна түшүп, билимдүү болгонун белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×