Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.08.2018 12:06 На русском

Кыз зордуктаган шектүүлөрдөн 70 миң сом алган милиционер: Алар айылдаш болушкан

Turmush -  Ысык-Көл облустук соту 2 милиция кызматкерине карата козголгон кылмыш ишти карады. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Буга чейин Каракол шаардык соту Адыл (ысымы өзгөртүлдү) менен Сагынды (ысымы өзгөртүлдү) мамлекеттин бюджетине 4 млн 50 миң сом төлөөгө милдеттендирип, 3 жыл ичинде укук коргоо органдарында жоопкерчиликтүү кызматтарды ээлөөгө тыюу салган болчу.

Адыл КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 313-берененин 2-бөлүмүндөгү 1-пункту, 3-бөлүмүндөгү 2-3-пункттар, 313-1-берененин 2-пункту, 313-1-берененин 3-пункту жана 304-берененин 2-бөлүмү менен айыпталган.

Сагын КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 30-берененин 6-бөлүмү, 313-берененин 2-бөлүмүндөгү 1-пункту, 313-1-берененин 3-бөлүмүндөгү 2-пункту жана 304-берененин 2-бөлүмү менен айыпталган.

Шектүүлөргө тагылган айып

Ак-Суу РИИБдин кызматкери Адыл 2017-жылдын 3-апрелинде Каракол шаарындагы Жеңиш паркынын жанында Жанаранын (ысымы өзгөртүлдү) зордуктоого байланыштуу арызын тергөө органдарына жөнөтө турганын айтып коркутуу менен Эрлан, Канат жана Байтурдан (ысымдары өзгөртүлдү) 70 миң сом акча талап кылган.

Ошол эле күнү кечинде аталган адамдардан 24 миң сом, эртеси күнү дагы 45 миң сом алган. Ал эми Жанаранын арызын кылмыштарды каттоо китебине атайын жазган эмес.

Адылдын көрсөтмөсү

2017-жылдын 3-апрелинде эмгек өргүүдө болчу. Ошол күнү ага Жанара аттуу тааныш кыз телефон аркылуу байланышып, 3 жигит зордуктаганын айткан. Ага чейин ал кыздын агасына байланышкан кылмыш иш менен Адыл алектенгендиктен анын номурун билчү.

Жанара зордуктоо фактысы боюнча арыз жаза турганын айтканда Адыл аны бул оюнан баш тартууга көндүрүп, зордуктады деген жигиттердин номурун алып өзү байланышкан. Ал эми ал жигиттер анын айылдашы болуп чыккан. Ошол күнү парктан жолугушуп, ишти жабуу үчүн алар өздөрү акча сунушташкан. Ал акчаны эки бөлүп, жалпысынан 70 миң сом алган.

Анын ичинен 2 миң сомуна тишин дарылатып, Теплоключенка айылындагы тиш дарылоочу эмканадан УКМКнын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Ал акчаны талап кылбаганын, айылдаштары өздөрү сунуштаганын айткан.

Сагындын көрсөтмөсү

Ага 3-апрель күнү Адыл телефон чалып, айылдаштары кыз зордуктаганын айткан. Алар жолугушуп, кызды зордуктаганын айткан жигиттердин суранычы менен жардам сураган. Анын эртеси, тактап айтканда 4-апрелде Адыл кармалганын уккан.

Ал эми Адылдын жактоочусуна акча берген 3 адам эмне үчүн жабырлануучу болуп жатканы түшүнүксүз. Алар Жанара менен жыныстык катнашта болгонун мойнуна алышкан. Ал эми Адыл акча алды делген учурда эмгек өргүүдө болгон. Жанара тергөө учурунда суралган жок жана зордуктоо фактысы тууралуу арыз болгону аныкталган эмес.

Жыйынтыгында

Ысык-Көл облустук соту Адылга карата Каракол шаардык соту 313-1-берененин 3-бөлүмүндөгү 2-3-пункттар менен таккан айыбын өзгөрттү. Ал эми кылмышка катышканы далилденбегендиктен 304-берененин 2-бөлүмү боюнча акталды.

313-1-берененин 3-бөлүмүндөгү 2-3-пункттар боюнча тагылган айып ашыкча деп табылып, 304-берененин 2-бөлүмү менен тагылган айып да алынды.

Сагын кылмышка катышканы далилденбегендиктен 304-берененин 2-бөлүмү боюнча акталды.
Ошондой эле 304-берененин 2-бөлүмү менен тагылган айып да алынып, Каракол шаардык сотунун башка өкүмдөрү күчүндө калтырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×