Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Ак-Суунун Теплоключенка айылына 13,5 млн сомго техникалар алынды (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылына жаңы техникалар алынып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Теплоключенка айыл аймагынын башчысы Талант Кобонбаев билдирди.

Анын айтымында, «Фотон Ловол» үлгүсүндөгү дан оруучу эки комбайн жана грейдерлер 13 млн 541 сомго сатылып алынган. Комбайндар 7 жылдык мөөнөткө лизингге алынып, жалпы баасы 6 млн 800 миң сомду түздү. Аталган сумманын ичинен 2 млн 900 миң сомду Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду каржылады. Ал эми калган 3 млн 900 миң сом жергиликтүү бюджеттен жылдык пайыз менен төлөнөт.

«Автогрейдерлердин баасы 6 млн 45 миң сомду түздү. Жергиликтүү бюджеттен 4 млн 741 миң сом төлөндү. Бул маселе 4 жыл мурун эле көтөрүлгөн. Айылыбыздагы ички жолдорду жана жайытка кетүүчү жолдорду оңдоодо грейдер, эгин жыйноого комбайндар өтө зарыл болчу. Айылдык кеңештин депутаттары эл менен кеңешип, бир чечимге келип, техникаларды сураганбыз. Комбайндарды иштетип көрдүк, эгинди жакшы чабат экен. Эми дыйкандарга төмөн баада кызмат көрсөтөбүз. Тактап айтканда 1 гектар жердеги эгинди 1000 сом жана 20 литр май менен чаап беребиз. Мындан сырткары жетим-жесир, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да баасын төмөндөтүп беребиз», - деди ал.

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун директору Алмазбек Осмонов билдиргендей, фонд 30 млн сомдон ашык каражат бөлүп, облуска 28 техника алууга көмөктөшкөн. Анын ичинде Ак-Суу районуна 6 техника алынган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 302
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×