Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Видео, фото — Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан айдоочу каза болду, жабыркагандардын арасында франциялыктар бар (толукталды)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьев айылындагы жол кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу кечээ, 7-августта АКИpress агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки унаанын кагышуусунан жабыркагандардын экөө Франциядан келген туристтер болгон. Баш сөөгүнөн жаракат алып, саны сынган туристтер Чолпон-Ата шаарындагы оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Ал эми жол кырсыктан жабыркаган 3 жергиликтүү тургун ооруканага жатуудан баш тартып, үйүнө кетишкен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсык кечээ, 7-августта саат 13:30 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 89-чакырымында 4 унаанын («ВАЗ-2107», «Хонда Степвагон», «Фольксваген – Гольф», «Рено Дастер») катышуусунда болгон.

«Жол кырсыктан "ВАЗ-2107" унаасынын айдоочусу — 1992-жылы туулган И.С. каза болуп, унаадагы 37 жаштагы П.А. (аял киши) жабыркады. Ошондой эле «Хондадагы» франциялык эки жүргүнчү — 1994-жылы туулган К.А (аял киши) менен 1986-жылы туулган Д.А. (эркек киши) жаракат алган. Алар тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми облустук ЖКККнын маалыматына караганда, жол көзөмөлдөөчүлөр жаракат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, жеринде иш алып барышкан. Айдоочуларды текшергенде алардын спирт ичимдигин ичпегендиги аныкталган.

ӨКМдин куткаруучулары каза болгон айдоочуну унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кийинчерээк күбөлөр «Репортерго» жол кырсык болгон жерден видео жөнөтүштү.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, жол кырсыктын кесепетинен 4 унаа жабыркаган. Анда «Хонда» менен «Жигули» кагышып, алардын артында келе жаткан эки унаа кагышуудан качып, тосмону сүзүп токтогон. Каза болгон адам «Жигули» унаасынын айдоочусу болгон. Ал эми «Хонда» унаасында франциялык туристтер бар болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1858
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×