Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.08.2018 21:06

Ысык-Көл облустук ооруканасында дарыгерлер жетишсиз

Turmush -  Ысык-Көл облустук ооруканасындагы жүрөк, кан тамыр оорулары жана балдар бөлүмдөрүнө дарыгерлер жетишсиз. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жүрөк кан тамыр оорулары бөлүмүндө 1 гана дарыгер иштеп жатат. Дарыгерлердин маянасы төмөн болгонуна байланыштуу тажрыйбалуу дарыгерлер башка өлкөлөргө кетип калууда.

«Балдардын жандандыруу бөлүмүндө реаниматолог-анестезиолог, ал эми соматика бөлүмүндө 2 гана дарыгер иштеп, педиатрлар жетишсиз болууда.

Облустук төрөт бөлүмү ординатор, неонатолог жаш дарыгерлер турак үйгө муктаж», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×