Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк мугалим «Жараланган жүрөк» тоосунда чет элдик туристтерди өзгөчө боз үйдө кабыл алууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз айылынын тургуну Шайыр Ашырова боз үй тигип, чет элдик туристтерди кабыл алууда. Элеттик ишкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча мугалим. Бир нече жыл Жети-Өгүз айылындагы Д.Иманов атындагы орто мектепте мугалим болуп эмгектенген. 1999-жылы бир катар кооз жерлерди кыдырган. Жети-Өгүздүн жайлоолорунда болуп, шаркыратмадагы кичи шаркыратманын пайда болушуна себепкер болгон. Алгач Көк-Жайык жайлоосуна боз үй тигип, дымдама, куурдак жасап, келген меймандарга сый көрсөткөн.

«Ал кезде Көк-Жайык жайлоосунда боз үйлөр жок, мал жайылган ээн жайлоо эле. Кийин жергиликтүүлөр жайкысын боз үй тигип, ошондон улам жылдан жылга жакшырып, конок күткөндөр көбөйдү», - дейт ал.

Ш.Ашырова белгилегендей, бир кезде ал таштанды толуп турган «Жараланган жүрөк» тоосунун алдындагы жерди ижарага алып, мейман күткөн жайга айландырган. Учурда ал тиккен 100 баштуу өзгөчө боз үйгө кызыккандар арбын болууда. Себеби, анын боз үйүндө келген меймандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

«Тоого эс алууга келгендер негизинен каймак, ысык токоч менен чай ичип, улуттук тамак-аштар менен тамактанууну жактырышат. Бизде эс алуучулар үчүн бардык шарттар каралган. Эми мындай боз үйлөрдүн санын көбөйтүп, кийин эс алуу борборун уюштурууну максат кылып жатабыз», - дейт Ш.Ашырова.

Элеттик мугалим 3 баланын энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 789
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×