Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Сүрөт, видео — Тоңдо комбайн менен сүзүшкөн унаанын 24 жаштагы айдоочусу көз жумду

Turmush -  Тоң районунун аймагындагы жол кырсыктан 24 жаштагы айдоочу жигиттин өмүрү кыйылды. Кырсык 6-августта саат чамасында Ысык-Көл районундагы Орто-Өрүктү айылынын аймагында болгонун аймактык кабарчы тактады.

Күбөлөрдүн маалыматы боюнча, бул кырсыктан Чоң-Тогузбай айылынын 1994-жылы туулган тургуну М.Кенжебек окуя болгон жерде көз жумган.

Маалым болгондой, маркум өзүнүн «Мерседес-Бенц-312D» үлгүсүндөгү автоунаасына 1 тоннадан ашык уй этин Каракол шаарынан жүктөп, Чолпон-Ата шаарын көздөй чыккан. Ал Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылына жеткенде каршы багыттагы комбайнды сүзгөн. Комбайн 1986-жылы туулган Т.Бактыбектин башкаруусунда болчу.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум түнү менен мал союп, унаага эт жүктөп чарчагандыктан рулда отурган учурда уктап кетиши мүмкүн. Унаа алгач комбайнды сүзүп, андан кийин жолдун четиндеги электр мамысын сүзүп токтогон.

Жүк ташуучу унаанын жүргүнчүлөрү — 1974-жылы туулган М.Руслан жана 1999-жылы туулган М.Чыңгыз ошол аймактагы ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүшкөн. Ал эми комбайндын айдоочусу жалгыз болчу, ал жаракат алган эмес.

Ысык-Көл ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларды чарчаган абалда автоунаа башкаруудан алыс болууга жана өзүнүн, жүргүнчүлөрдүн өмүрү менен коопсуздугун сактоо үчүн сак болууга чакырат.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 823
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×