Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.08.2018 12:20

Ысык-Көлдө мас абалдагы, терезелерин күңүрттөп алган айдоочулар кармалды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда «Күңүрттөө» аттуу рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын нускоочусу Рысменди Бейшен уулу маалымдады.

Анын айтымында, акыркы учурларда терезесин караңгылатып алып, унаа башкарган айдоочулардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу Ысык-Көл облустук ЖККК кызматкерлери тарабынан өкмөттүн №363 токтомунун негизинде облустун аймагында «Күңүрттөө» рейди жүргүзүлүүдө. 30-июлдан 5-августка чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузган 1398 адам аныкталып, аларга протоколдор түзүлгөн. Анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган 22 айдоочу болгон, жалпы 44 автоунаа атайын унаа токтотуучу жайга киргизилди.

«Унааларынын терезесин караңгылатып алган 15 айдоочуга, жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен 19 айдоочуга, жол белгилерине баш ийбеген 56 айдоочуга, ылдамдыкты ашырып айдаган 318 айдоочуга, жол кыймылынын башка жүргүнчүсүнө тоскоолдук жараткан 155 айдоочуга, документтери жок автоунаа башкарган 29 айдоочуга протоколдор түзүлүп, айып салынды.

Унаасынын терезелерин караңгылатып айдаган айдоочулар:

- «Тойота-Камри» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган тургуну С.Айдар,

- «ВАЗ-21099» унаасынын айдоочусу — Бишкек шаарынын 1988-жылы туулган тургуну А.Нурлан;

- «Даймлер-Бенц» унаасынын айдоочусу — Кант шаарынын 1998-жылы туулган тургуну С.Санжар;

- «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу — Балыкчы шаарынын 1996-жылы туулган тургуну Т.Шамиль;

- «БМВ-525» унаасынын айдоочусу — 1992-жылы туулган Б.Максат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×