Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 07.08.2018 11:43

Балыкчыда жигиттер аз ара жаңжалдашып, милиционерлердин унаасына ок чыгарган (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында жаш жигиттер өз ара жаңжалдашуу учурунда аңчылык мылтыктан ок чыгарышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-августта саат 23:20 чамасында ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшүп, анда көчөлөрдүн биринде жаш жигиттер топтолуп алышканын жана мылтыктан ок чыгарганын айтышкан.

Окуя болгон жерге тергөө оперативдүү тобу барышкан. Ал жерде 4-5 жигиттер бар экени аныкталган. Алардын экөөсүндө аңчылык мылтыктар болгон. Милициянын унаасы келе жатканда жигиттердин бири милиционерлердин унаасы тарапка ок чыгарган, бирок ал тийген эмес. Андан кийин таш алып, унааны көздөй ыргыткан.

Өз кезегинде милиция кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык асманга ок чыгарышкан. Бирок жаш балдардын тобу милиция кызматкерлерине баш ийбестен, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Милиция кызматкерлери тарабынан Тоң районунун Шорбулак айылынын 20 жаштагы тургуну А.Данияр, Балыкчы шаарынын 20 жаштагы тургуну У.Бакыт кармалды. Алардан «ИЖ-18ЕМ» үлгүсүндөгү аңчылык мылтык алынган.

Өз көрсөтмөсүндө алар ошол күнү экинчи тараптын балдары менен өз ара жаңжалдашуу маселесин чечүү үчүн чогулушканын айтышты. Жолугуша турган жерге алар мергенчилик мылтык алып барышкан. Милиция кызматкерлери келе жатканын көрүшкөндө У.Бакыт аттуу жигит алар тарапка ок чыгарган.

Аталган факт боюнча Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алардан аңчылык куралдар алынган, ал Балыкчы ШИИБде каттоодо турбагандыгы аныкталды. Учурда анын ээсин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, башка катышуучуларды дагы аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Кармалгандар Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×