Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 07.08.2018 09:34

Түптүн тогуз коргоолчулары Моңголиядагы Азия чемпионатына катышып келишти (фото)

Turmush -  Моңголияда өткөн тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын командасы 2-орунду ээледи. Бул тууралуу тогуз коргоол боюнча КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Канат Кендирбаев билдирди.

Анын айтымында, Азия чемпионатына мектеп жашындагы тогуз коргоолчулардан Кыргызстандан жалпы 10 машыктыруучу жана 30 оюнчу барды.

«Анын ичинен эң көп катышуучу Түп районунан болду. Жалпы 10 оюнчу, Бирлик атындагы орто мектептен 1, М.Элебаев атындагы Талды-Суу орто мектебинен 9 окуучу менен бирге машыктыруучу катары мен бардык.

Моңголиядагы мелдешке 8 мамлекеттен келген командалар катышып, Кыргызстандын командасы 4 алтын, 7 күмүш, 4 коло медаль алып, Казакстандан кийинки 2-орунду ээледик. Алтынды алып келгендер Бишкектен 2, Таластан 2 оюнчу болду.

Жеке өзүмдүн тарбиялануучуларымдан 9 оюнчудан Алтынай Шамбетова 2-орун жана күмүш медалга ээ болсо, 5 оюнчум коло медалга ойноп, утулуп калышты», - деди К.Кендирбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×