Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.08.2018 17:51

Жети-Өгүздө малчылардын майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кара-Сай жайлоосунда малчылардын майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын алкагында көк бөрү, кол күрөш сыяктуу улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү. Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан алдыңкы чабандарга баалуу белектер тапшырылган.

Акимдин айтымында, жыл сайын 300дөн ашуун чабан алыскы жайыттарга чыгып келет. Бул аймакта топоз багуу ыңгайлуу болгондуктан топоз баккан адамдардын саны да көбөйүп бара жатат.

Жети-Өгүз райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн инструктору Сагынбек Жумаев белгилегендей, майрамдын алкагында уюштурулган спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Кийинки жылы малчылардын майрамы Кызыл-Суу жана Саруу айыл аймагы тарабынан өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×