Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.08.2018 17:16 На русском

Фото — Караколдо бычакталып өлтүрүлгөн медколледждин мурунку директорунун үйүнөн өрт чыкты

Turmush -  Каракол шаарында 5-августтан 6-августка караган түнү медициналык колледждин мурунку директору Анарбүбү Апсалиеванын батиринен өрт чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын туугандарына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, үй Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан. Ал эми А.Апсалиеванын жалгыз кызы апасы көз жумгандан бери туугандарынын үйүндө жашайт.

А.Апсалиеванын бир тууганы Тынчтыкбек Апсалиев өрт кырсыгы тууралуу алар таңкы саат 04:00 чамасында укканын айтты. Алар келгенде өрт чыккан жерде куткаруучулар жана милиция кызматкерлери иштеп жатышкан.

«Өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери бул атайын өрттөө болгонун айтышууда», - деди ал.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тергөө тобу өрттүн себебин тактап жатканын билдирди.

Буга чейин Каракол шаарындагы медициналык колледждин директору Анарбүбү Апсалиевнын жансыз денеси 2016-жылдын 17-ноябрында өзүнүн батиринде табылган. Бул боюнча А.Апсалиеванын кызы милицияга телефон аркылуу маалымат берген. Окуя болгон жерди текшерүүдө аялдын денесине 23 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

26.10.2017Карколдогу директордун өлүмү: Сотто маркумдун жеңеси эс-учун жоготуп, отурум жылдырылды (фото)
24.10.2017Караколдогу директордун өлүмү: 23 жолу бычак сайган деген шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды (фото)
16.11.2017Караколдогу директордун өлүмү: Кесиптешин бычактап өлтүрүүгө шектелген аялга сот өкүм чыгарды (фото)
17.11.2017Караколдогу директордун өлүмү: Шектүү аялды актаган сотко жабырлануучулар нааразы (видео, фото)
25.12.2017Караколдогу директордун өлүмү: Шектүүнүн жакындары облустук соттон акыйкат чечим күтүшөт (фото,видео)
08.02.2018Караколдогу директордун өлүмү: 15 жылга соттолгон аялдын жакындары нааразычылык акцияга чыгышты (фото)
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×