Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.08.2018 13:06

Ысык-Көлдүн Темир айылында «Карагат Фест» фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Темир айылында жыл сайын өтүүчү «Карагат Фест» фестивалы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын максаты Ысык-Көл облусундагы мөмө жана жер-жемиштерди жергиликтүү жана чет элдик базарларга жайылтуу болуп саналат.

Фестивалдын алкагында, мөмө-жемиштер жармаңкеге коюлуп, мастер-класстар, сынактар, концерттик программалар уюштурулду. Ошондой эле анда техникалык жабдыктар жармаңкеге коюлду.

Фестивалга күбө болгон Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, активдүү катышкан жергиликтүү тургундар жана туулган күндөрү фестиваль өткөргөн күнгө туура келген жашоочулар белектерге ээ болушту.

Фестиваль «АВЕП» коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×