Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 06.08.2018 10:39

Түптө жаңы көз жарган энелерге бала эмизүүнүн баалуулугу түшүндүрүлдү (фото)

Turmush -  Түп районунда 1-7-август күндөрү өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгына карата «Эмчек эмизүү — мыкты өмүр башаты» балдарды эмизүү жумалыгы уюшкандыкта өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондук ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн кызматкерлери төрөт үйүндө жана оорукананын балдар бөлүмүндө болушуп, эмчек эмизүүгө байланышкан көрсөтмө китепчелерди таратуу менен бирге эненин эмчек сүтүнүн баалуулугуна токтолушту.

«2017-жылдын 7 айында 231 бала төрөлсө, быйылкы жылдын 7 айында 265 бала төрөлдү. Бул көрсөткүч былтыркы жылга караганда 34 балага арбы. Эгиз төрөө боюнча эки жылда тең бирдей, бирден эгиз бала төрөлдү», - деди Түп райондук төрөт үйүнүн башчысы Назгүл Рыспаева.

Ал эми ошол түнү төрөгөн 3 эне — үчүнчү баласы Таңсулууну төрөгөн 31 жаштагы Ичке-Суу айылын тургуну Жаркын Байгазиева, 4-баласы Канышты төрөгөн 30 жаштагы Күрмөнтү айылынын тургуну Надира Илебаева жана 35 жашка чыкканда тун баласын Арсенди төрөгөн Талды-Суу айылынын тургуну Насыят Жээнбековалар төрөт үйүндөгү көрүлгөн камкордуктар жана андагы кызматкерлердин иш билгилерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×