Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.08.2018 09:34 Жаңыланды: 06.08.2018 12:29

Ысык-Көл районунда 11 пансионаттын көл жээгиндеги мончолору жабылды (фото, тизме)

Turmush -  Ысык-Көл районунда 11 пансионаттын көл жээгиндеги мончолору жабылды. Бул тууралуу райондун акими Данир Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл районунун аймагында 4-августтан тарта мончолор ишин токтотту.

«Ушундай объектилердин иштешине тыюу салган тиешелүү нормативдик укуктук актылар иштелип чыкты. Прокуратура органдары тарабынан тартип бузууларды четтетүү боюнча тапшырмалар берилди. Райондук мамлекеттик администрация прокуратура органдарынын, Санэпидкөзөмөл борборунун, Мамэкотехинспекциянын, милиция кызматкерлеринин жана көлдүн жээгиндеги мончолору бар пансионаттардын ээлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Анда ишкерлерге тиешелүү нормаларды жана талаптарды аткаруу тапшырылды. Өкмөттүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтомуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мындай объекттерди иштетүүгө тыюу салынат.

Экотехинспекциянын райондук бөлүмү тарабынан тиешелүү иштер аткарылды. Биз ЖМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда райондун аймагындагы бардык пансионаттарды кыдырып, көл жээктерди текшерип чыктык. Бардык пансионаттарда мончолор ишин токтотуптур. Бул бизди кубандырды», - деди аким.

Райондук прокуратуранын маалыматына караганда төмөнкү пансионаттарда мончо жана сауналардын иши токтотулду:

1. Чок-Тал айылындагы Royal Beach отели;

2. Кош-Көл айылындагы «Радуга WEST» эс алуу борбору;

3. Сары-Ой айылындагы «Радуга Плюс» эс алуу борбору;

4. Сары-Ой айылындагы «Карвен Четыре Сезона» эс алуу борбору;

5. Бает айылындагы «Ак-Марал» эс алуу борбору;

6. Чолпон-Ата шаарындагы «Три Короны» эс алуу борбору;

7. Чолпон-Ата шаарындагы «Бакыт» пансионаты;

8. Бактуу-Долоноту айылындагы «Каприз» эс алуу борбору;

9. Корумду айылындагы «Коста Браво» эс алуу борбору;

10. Чолпон-Ата шаарындагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионатынын аймагындагы жеке мончо;

11. Чолпон-Ата шаарындагы «Ковчег» жеке мончосу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×