Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Фото, видео — Айкелчи М.Бакачиев 6 млн сом жумшалган Арык Мырзанын эстелигин кантип жасаганын айтып берди

Turmush -  Каракол шаарына Арык Мырзанын айкели орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айкелде Арык Мырза аттан түшүп, аны жетелеп турганы чагылдырылган. Эстеликтин бийиктиги 9,5 метрди түзүп, ага 6 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Каражат Арык Мырзанын урпактарынан жана өз ыктыяры менен жардам бергендерден чогултулганын «Ак-Суу, Арашан» коомунун жетекчиси Аскар Жаныбеков билдирди.

Арык Мырзанын айкелин жасаган сүрөтчү-айкелчи, сүрөтчүлөр союздун мүчөсү, Чынгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, маданияттын мыкты кызматкери Марлен Бакачиев бул эмгектин үстүндө 6 ай иштегенин билдирди.

Анын айтымында, бул эстеликти жасоо боюнча сынак жарыяланып, 3 долбоор коюлган.

«Менин долбоорум жактырылгандан кийин мен анын эки-үч вариантын жасадым. Ал бир нече жолу талкууланган соң акыркы ушул эстеликке токтолгонбуз. Арык Мырза кандай адам болгондугун, мүнөзүн, басып өткөн жолун изилдеп, ал жөнүндө тарыхый маалыматтын баарын чогултуп, окуп чыккан соң акыркы образын жараттым.

Арык Мырза 1600-жылдары Фергана, Анжиян жергесинен кыргыздарды Ысык-Көлдүн аймагына көчүрүп келген. Андыктан, айкелде ал элдин арасында, тынч абалда, ойлуу турганы сүрөттөлөт. Мында Арык Мырза көлдү карап, шамалга чапанынын этеги желбиреп, аттын да куйругу учуп турганы көрсөтүлөт.

Эстеликтин эки капталында тарыхый маалымат берилген жана ал элди көлгө алып келе жаткан сюжеттер тартылган. Ал жакта жаш баладан баштап улуу кишилерге чейин көлгө келип, сыйынып жаткан образдар жаралган. Эстеликтин бир жанында Арык Мырзанын инилери 5 мырза чагылдырылган.

Биз алгач аттын образын издедик. Башкача айтканда, Арык Мырзанын аты дагы өзгөчө болушу керектигин ойлодум. Ошондуктан, ал асыл тукум, көрктүү атты элестетет. Ал эми, Арык Мырзанын жүзүнө кайраттуу, сүрдүү, терең ойчул адамды берүү аракетин жасадым», - деди ал.

Марлен Бакачиев 2000-жылдан бери эстелик жасоо менен алектенет. Анын эмгектери Кыргызстандын бардык аймактарында коюлган. Маселен, Теке баатырдын, Бердике баатырдың, Пушкиндин, Сүймөнкул Чокморовдун жана башка 100дөн ашык адамдын эстеликтерин жасаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1150
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×