Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 04.08.2018 14:12

Тоңдо чет элдик туристтердин катышуусунда «Кызыл өрүк» фестивалы өтүп жатат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тоң айылынын Кекилик пляжында «Кызыл өрүк» фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Мамбетовдун айтымында, фестивалдын негизги максаты өрүктү Ысык-Көлдүн брендине айландыруу жана инвесторлорду тартуу.

«Бул фестивалга өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан келген коноктор жана чет элдик туристтер катышууда. Фестивалдын алкагында айыл тургундары өрүктөн жасалган түрдүү продукцияларды жарманкеге коюшту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×