Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Россияга сарымсак ташыган ишкер быйыл анын баасы эмнеге төмөн экендигин айтты (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдүн сарымсагы Россияда 70 сомдон сатылат. Бул тууралуу Россиянын ири шаарларына сарымсак ташып иштеген ишкер Сулейман Май билдирди.

Анын айтымында, ал жана анын командасы акыркы 15 жылдан бери Россиянын аймагына Кыргызстанда өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн ташыйт. Мисалы, өткөн жылы Ысык-Көлдөн өрүктүн килограммын жергиликтүүлөрдөн 70 сомдон сатып алган. Россияга барганда аны 60 сомдон сатууга аргасыз болгон.

«Биз Россиянын ири шаарларына бир гана сарымсак эмес, өрүк, болгар калемпирин, картошка жана башка өсүмдүктөрдү алып барабыз. Биз дайыма эле жакшы киреше табабыз деп айта албайм. Кээде чыгашага учурап, зыян тартабыз. 2016-2017-жылдары сарымсактын килограммын 170-250 сомдон сатканбыз, быйыл кыйын болууда. Себеби, соода борборлордун баары Өзбекстан, Казакстандан келген сарымсактар менен толуп калган», - дейт ал.

Мындан тышкары, евростандартка ылайык эми Россияга жаңы бышкан сарымсактарды алып кирүү керек.

«Стандарт боюнча сарымсак 5 сантиметрден кем болбой, тазаланган түрдө болушу керек. Биз бул жактан сарымсактарды муздаткычы бар фуралар менен алып кетебиз. Россияга жеткенге чейин алар кургап калат, анан албетте бизден албай коюшат», - дейт ал.

Ошондой эле, ал быйыл Россияда сарымсактын бир килограммын 70 сомдон алып жатышканын билдирди.

«Эгерде алар бизден кымбатыраак алса, биз дагы бул жактан жогорку баадан алат элек. Дыйкандардын эмгеги бааланбай жатканын түшүнүп турам, бирок башка арга жок», -деди ал.

Дыйкандар сарымсакты өздөрү Россияга алып барууну каалашат бирок мындай мүмкүнчүлүк жокко эсе.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 980
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×