Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.08.2018 11:34 Жаңыланды: 04.08.2018 17:09

«Мекендештер»: Социалдык тармактарга тыюу салынган шаарда окуп жаткан 25 жаштагы Айжан өз таасирлери менен бөлүштү (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 25 жаштагы Айжан Качкынова. Ал Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. Учурда Кытай мамлекетинин Үрүмчү шаарында Синьцзян университетинде окуп жатат. Мекендешибиз менен аймактык кабарчы таанышты.

Айжан Качкынованын айтымында, ал грант аркылуу Кытайга окууга кеткен.

«2009-2013-жылдары Конфуций институтунун кыргыз-кытай факультетинде, 2013-2014-жылы Кыргыз улуттук университетинин чет тилин окутуунун теориясы факультетинде билим алдым.

Конфуций институтунда окуп жүргөндө Кытайдан окууга грант утуп алгам. Учурда магистратурада окуп жатам, бир жылдан кийин окуумду аяктайм. Бул жактан 3000 юань стипендия алам. Үрүмчү шаарында билим берүү тармагы күчтүү болгондуктан, тартип катуу, окуудан тышкары иштегенге уруксат берилбейт»,- деди ал.

Анын айтымында, Үрүмчү кооз шаарлардын катарына кирет.

«Үрүмчүдө элдер аябай ынтымактуу, кичипейил, чет өлкөлүктөргө жакшы мамиле кылышат. Шаардын экономикасы тез өнүгүп жатканына күбө болобуз. Биз 2016-жылы келгенде жаңы метро курулуп жатты эле, учурда анын курулушу аяктап калды. Үрүмчүдө тамак-аш жагынан кыйналган деле жокмун, болгону Кыргызстандын суусун аябай сагынам.

Үрүмчүдө кытай тилин жана маданиятын гана үйрөнбөстөн, уйгур, казак элдеринин маданияты менен да таанышса болот.

Эс алуу убагында Кытайдын башка шаарларын кыдырып көрүп келдим. Мисалы; Тулуфан, Чанджи, Хами, Үрүмчү шаарлары кооз жаратылышка абдан бай экен. Ал эми Карамай, Кызыл-Суу шаар округунда жергиликтүү кыргыздар жашайт, биз барганда тосуп алышып, аябай жакшы коноктошту. Алар Кыргызстанды сагынып, келгилери келишет.

Үрүмчүдө тартип катуу болгондуктан, ал жакта Facebook, Instagram, Google колдонгонго болбойт. Мен барган жерлерден Наньшань деген бийик тоосунда көптөгөн арча, карагайлар бар, аны биздин Ала-Арча капчыгайына окшоштурдум.

Жашоочулардын айтуусу боюнча, Үрүмчүнүн Турфан деген жери кишмиш деген жүзүмдүн мекени экен. Жүзүм өскөн көчөлөрү аябай кооз. Ар бир үйдүн жашыл дарактарга оролгону мени аябай таң калтырды.

Бош убактымда кытай досторума орус тилин үйрөтөм. Келечекте Кыргызстанда Билим берүү жана илим министрлигинде иштеп, кыргыз-кытай мамилелерин жана билим берүү жаатын жакшыртууга салымымды кошсом деген максаттарым бар», - деди Айжан Качкынова.

Ал үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×