Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 03.08.2018 22:32

Тоңдун Арчалы жайлоосунда малчылардын майрамы өтөт

Turmush -  Тоң районунун Арчалы жайлоосунда малчылардын майрамы өтөт. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, малчылардын майрамы Арчалы жайлоосунда 4-августа «Айкөл ааламы» деген аталышта өтөт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, облустук, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аймак башчылары, коомчулуктун өкүлдөрү катышмакчы.

Иш-чаранын алкагында ат оюндары, спорттук мелдештер уюштурулуп, салтанат райондук маданият үйүнүн концерттик программасы менен уланат. Ошондой эле, алдыңкы малчыларга өкүлчүлүктүн, райондук администрациянын ардак грамоталары, «Айылдын ардактуу атуулу» наамдары тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×