Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Тыюу салынган аймакта сууга түшкөн: Балыкчыда 17 жаштагы кыз көлгө чөгүп кетти

Turmush -  Балыкчы шаарында 17 жаштагы кыз көлгө чөгүп каза болду. Окуя тууралуу билдирүү 25-июлда келип түшкөнүн ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон кыз Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 17 жаштагы тургуну экени такталган. Кырсык болгон күнү ал сынак тапшырып, үйүнө кетмек. Бирок сууга түшүүнү чечип жапайы пляжга барган. Аталган аймакта сууга түшүүгө тыюу салынганы жана сууга түшкөн учурда айып салынары тууралуу маалымдама илинген.

Туристтик сезондо милиция мэрия, ӨКМ менен бирге күн сайын эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүнө карабай, эс алуучулар аталган аймакта сууга түшүшөт.

«Эс алуучулардан куткаруучулар бар жерде сууга түшүнүү суранабыз», - деп айтылат милициянын кайрылуусунда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 942
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×