Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.08.2018 12:41

Айыл турмушу: Караколдогу зоопарктын директору С.Сеитова таза кандуу кыргыз дөбөттөрүн көбөйтүү аракетинде (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы зоопарктын директору Салтанат Сеитова кыргыз дөбөтү тукумундагы иттерди багууну колго алып, алардын санын көбөйтүү аракетинде.

С.Сеитованын айтымында, үч жыл мурда ал Сары Алтын Ала Тоо аттуу дөбөттү асырап алып, үй шартында багып баштаган. Азыр анын үч күчүгү бар. Дагы бир дөбөтү Будда Тенгри, ал дагы таза кандуу кыргыз дөбөтү тукумундагы ит.

«Мындай иттер акылдуу, жоош, адамга жакын болушат. Алар чыдамкайлыгы жана тайманбастыгы менен айырмаланат. Табигатынан мал багууга, короо кайтарууга ылайыкташкан, ошондой эле карышкырга кол салгандан коркушпайт. Кыргыз дөбөтүн каалаган багытта үйрөтсө болот. Кааласа үй кайтартып, кааласа жан сакчы кылып да алып жүрсө болот. Бул иттер суукка чыдамдуу, көп убакытка чейин тамак ичпей жүрө берет», - дейт С.Сеитова.

Ошондой эле, ал анын кыргыз дөбөтү эл аралык көргөзмөлөргө катышып жатканын айтты.

«Сары Алтын Ала Тоо эки жолу Кыргызстанда өткөн кинологдордун эл аралык көргөзмөсүнө катышып, эксперттер тарабынан жогору баага татыды. Көргөзмөнүн дипломуна дагы ээ болгон. Азыр ал эки жаштан өттү», - деди ал.

С.Сеитова кыргыз дөбөттөрү таза кандуу иттердин тукуму экенин эл аралык деңгээлде далилдөөнү максат кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×