Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Жаны күйгөн дыйкандар: Жети-Өгүздө быйыл сарымсактын баасы 6 эсе арзан болууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы дыйкандар сарымсактарды пайдалуу баада сата албай жатышат. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл округунун башчысы Аскатбек Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл аймакта сарымсактын түшүмү жакшы болду. Бирок дүң баада сатып алуучулар дыйкандардын эмгегин актабагандай баа сунуштап жатышат.

«Биздин айыл өкмөткө 5 айыл кирет, аларда 7500дөн ашык адам жашайт. Жашоочулардын 80%ы багбанчылык жана жер иштетүү менен алектенишет. Ырдык айылынын жашоочуларынын көбү сарымсак өстүрүшөт. Өткөн жылдары алар сарымсактын бир килограммын 170-250 сомдон сатышкан. Бирок быйыл Казакстандан келген сатып алуучулар сарымсактын бир килограммына 28-40 сом гана сунуштап жатышат. Бул жада калса дыйкандардын эмгегин актабайт. Мындай маселени биз райондук коллегияда көтөргөнбүз, облустун жетекчисине айтканбыз», - деди ал.

Ал эми Ырдык айылынын жашоочусу Расул Курбанов быйыл 40 сотых жерге сарымсак өстүргөнүн билдирди.

«Үч жылдан бери сарымсак өстүрүп келем, эки жыл катары менен жакшы түшүм алып, аларды жогорку баада саткам. Быйыл анын баасы абдан төмөндөп кетти. Сарымсакты сепкенде жумушчу жалдап, аларга 1000 сомдон акы төлөп беребиз. Эч кандай дары-дармектер себилбей өстүрүлөт. Аны жок дегенде 10 жолу сугарыш керек. Түшүмдү казып алганда дагы жумушчу жалдайбыз. Казып алган соң муруттарын кесип даярдайбыз. Бул абдан чоң эмгекти талап кылат. Ысык-Көлдүн сарымсагы КМШ өлкөлөрүндө эң мыкты болуп эсептелинет. Москвадагы соода түйүндөрүндө аны кымбат баада сатышат. Ал эми бул жакта бааны эч ким көзөмөлдөбөйт. Профилдик ведомстволор эмнени карап жатышат билбейм», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1547
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×