Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Ак-Сууда көл жээгине куткаруучуларды коюу, белгилерди орнотуу талабы коюлду (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Бөрү-Баш жана Кара-Жал айыл аймактарындагы көлдүн жээктеринде суудагы кырсыктарды алдын алуу, жергиликтүү калкка сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмүнүн жарандык коргоо бөлүмчөсүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, Бөрү-Баш айыл аймагына тийиштүү болжол менен 600 метр көл жээги бекитилген. Жээк сууга түшүү талаптарына жооп бербейт, себеби тикенектүү бак-дарактар менен курчалган.

Ал эми Кара-Жал айыл аймагына тиешелүү болгон 2 пляж бар. Пляж Жаңы-Арык айылынын тургуну М.Т.га беш жылдык мөөнөт менен ижарага берилген.

Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысына эскертүү берилип, бийиктен байкоо жүргүзүүчү көзөмөлдөөчү жай (вышка) жана керектүү каражаттар, шаймандар менен жабдылышы боюнча милдеттер коюлду. Пляжда куткаруучулардын болушу керектиги жана сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерге эскертүүчү белгилерди орнотуу зарылдыгы айтылды. Сууда адам өмүрүн сактоо эрежелеринин көчүрмөлөрү, ӨКМдин куткаруу кызматтарынын райондук бөлүмдүн, ички иштер бөлүмүнүн, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн байланыш телефондору жазылган такталардын жана өзгөчө кырдаалдар чыккан учурда 101 жана 112 номуруна чалуу боюнча маалыматтар жазылган такталарды орнотуу талабы коюлду.

Мындан тышкары, куткаруучулардын текшерүү журналы, пляждын картасы, инструктаж берүү журналы жана эс алуучуларга сууга түшүү эрежелери тууралуу эскертүүчү белгилерди орнотуу жана сууга түшүү мезгили аяктаганга чейин көзөмөлгө алуу боюнча иш-чараларын аткаруу милдеттендирилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 443
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×