Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Оттук айылында жаштардын демилгеси менен 1 млн сомдук футбол аянтчасынын курулушу башталды (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Оттук айылында жаштардын демилгеси менен 1 миллион сомдук футбол аянтчасынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга демилгечилердин бири билдирди.

Анын айтымында, спорт аянтчанын курулуш иштерин жаштар өз мойнуна алышкан.

«Биздин айылда спорт зал жок. Айылдагы 1995-1996-1997-жылдары туулган жигиттер демилгени көтөрүп чыктык. Айылдагы ар бир муун, тактап айтканда 1985-2002-жылдары төрөлгөн жигиттер 10 миң сомдон акча чогултуп жатабыз. Калган каражатты Оттук айылынын патриот тургундары беребиз деп убадалашты. Буюрса план ишке ашса бир ай аралыгында футбол аянтчасы даяр болот. Куруу иштерин жаштар өз мойнубузга алдык. Учурда мыкты спортчулар биздин айылдан чыгууда. Максатыбыз — аларга жардам берүү», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 471
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×