Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 02.08.2018 11:27

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кетти деп изделип жаткан 23 жаштагы жигит тирүү табылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Сейил» пляжында сууга чөгүп кетти деп изделип жаткан 1995-жылы туулган Б.А. аттуу жаран сууга чөкпөгөндүгү аныкталып, 2-августта саат 10:00 чамасында пляждагы боз үйлөрдүн биринен тирүү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-августта саат 00:50дө Балыкчы шаарындагы «Сейил» пляжында 1995-жылы туулган Б.А. аттуу эркек киши сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аны издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 01:50дө ӨКМдин Балыкчы шаардык №19 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Саат 02:17де издөө иштери бактылуу токтотулган. 2-август күнү саат 07:20да издөө иштерин улантуу үчүн 3 куткаруучу жана ИИМден 3 кызматкер чыккан болчу.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, куткаруучулар сууга киши чөгүп кетти деген маалымат түшөр замат жерине барышканда көлдөн аял кишини таап чыгышкан. Ал көлгө 1995-жылы туулган иниси чөгүп кеткенин айткан.

ӨКМдин Балыкчы шаардык бөлүмү аял мас абалда болгонун билдирген. Ички иштер бөлүмү аялды психиатриялык экспертизадан өткөрүүгө алып кеткени айтылууда.

Кийинчерээк Ж.Бактыгүл аттуу аял иним чөгүп кетти деп жалган маалымат бергендиги аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×