Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 02.08.2018 11:02

Балыкчыда 6 чакырым жолго түнкү чырактар коюлду (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында 6 чакырымды түзгөн Ысык-Көл көчөсүнө башынан аягына чейин түнкү чырактар орнотулду. 150 даана электр жарыгы бар мамылар Казакстандын Караганда шаарынан алынып келгенин аймактык кабарчы билдирди.

Көчөнү жарыктандыруу АРИС уюмунун «Шаарларды өнүктүрүү» программасынын алкагында ишке ашырылды. Түнкү чырактарды 5 жерден күйгүзүп-өчүрүүгө болот. Ошондой эле атайын жабдыктын жардамы менен караңгы киргенде шам чырактар өзү жанып, таң атканда кайра өчүп турат.

Ал эми электр энергиясын үнөмдөө үчүн коюлган шам чырактардын кубаттуулугу 150 ватты түзөт. Ар бир шам чырак тегерегиндеги 20 метр жерди жарыктандырууга күчү жетет. Электр мамылардын бийиктиги 12 метрди түзсө, салмагы 150 килограммга жетет. Ошондой эле 5 жерде электр энергиясын эсептөөчү жабдыктар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×