Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.08.2018 10:45

Түп районунда шахмат боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү сыйланды (фото)

Turmush -  Түп районундагы балдардын «Маяк» эс алуу борборунда өткөн шахмат боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Каракол шаарынын ардактуу атуулу, айыл чарба тармагында үзүрлүү эмгектенген маркум Дүпөн Дербишевдин жаркын элесине арналган турнирге Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 236 спортчу катышты.

Маркумдун уулу Казакбай Дербишевдин айтымында, турнир алтынчы жыл катары менен өтүүдө. Быйыл командалык мелдеште биринчи орунду Өзбекстан, экинчи орунду Казакстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, үчүнчү орунду Каракол шаарынын командасы камсыз кылган.

«Быйыл Өзбекстандан күчтүү команда келген экен. Кубокту аларга тапшырдык. Жеке биринчиликте болсо 6 жашка чейинки балдардын арасындагы мелдеште биринчи орунду казакстандык Калиахмад Эрсултан, экинчи орунду Бишкектен келген АлиханТөлөбалдиев, үчүнчү орунду Таластан келген Нурали Пекинов алды.

8 жашка чейинки балдар арасындагы мелдеште биринчи орунду казакстандык Назар Талгатов, экинчи орунду кыргызстандык Эрхан Зарлыков, үчүнчү орунду казактардан келген Адижан Эсенгалы алды.

8 жашка чейинки кыздар арасындагы мелдеште биринчи орунду кыргызстандык Эдизи Бердибаева, экинчи орунду кыргызстандык Бегайым Токтонбаева, үчүнчү орунду Жанар Ашыракунова алды.

10 жашка чейинки балдардын арасында биринчи орунду өзбекстандык Бахром Бахрилаев, экинчи орунду казакстандык Эрлан Калиахмед, үчүнчү орунду Алан Тазмухаммад алды. 10 жашка чейинки кыздардын арасында кыргызстандык Айзат Съездбекова биринчи орунду багындырса, экинчи орунду Өзбекстандан келген Озина Алимова, үчүнчү орунду кыргызстандык Аяна Абаева ээледи.

12 жашка чейинки балдар арасында биринчи орунду кыргызстандык Таалайбек Жайнаков, экинчи орунду өзбекстандык Жонибек Бахтиёров, үчүнчү орунду кыргызстандык Тилекматали Сулайманов алды.

12 жашка чейинки кыздар арасында биринчи орунду Тажикстандан келген Таблина Абророва, экинчи жана үчүнчү орунду өзбекстандык Дилнура Рабимова менен Маржона Азизкулова алды.

14-16 жаштагы балдар арасында биринчи орунду Өзбекстандан келген Саманар Шермухамедов, экинчи орунду Тажикстандан келген Михридин Шарипов, үчүнчү орунду кыргызстандык Владислав Абуфриенко ээледи.

14-16 жаштагы кыздар арасында биринчи орунду кыргызстандык Айгүл Малайканова, экинчи орунду Диана Сулайманова, үчүнчү орунду өзбекстандык Сивинич Алимова алды», - деди Казакбай Дербишев.

Ал белгилегендей, мындан сырткары сүрөөнчүлөрдүн, машыктыруучулардын жана чоңдор арасында турнир өткөрүлдү. Мында биринчи орунду кыргызстандык Руслан Съездбеков, экинчи орунду кыргызстандык Адил Умарбеков, үчүнчү орунду кыргызстандык Арзыбек Съездбеков, төртүнчү орунду тажикстандык Мухаммед Юнусов, бешинчи орунду өзбекстандык Маматкул Хайлаев, алтынчы орунду кыргызстандык Самат Деркембаев алды.

«Мелдеште 6 орунга сыйлык берилип, мындан сырткары командалык сыйлык, баардык катышуучуларга медаль жана биринчи орунду алган командага кубок тапшырылды. Жеңүүчүлөргө ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар берилди. Активдүү катышуучулар да сыйланды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×