Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 02.08.2018 10:06 Жаңыланды: 02.08.2018 15:38

Айыл турмушу: Уста К.Токтосуновдун мүйүздөн жасалган жаа, камчы, бычактарын чет элдиктер сатып алууда (фото)

Turmush -  Тон районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну Кайырбек Токтосунов атасынан калган өнөрдү аздектеп келет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

К.Токтосуновдун айтымында, анын чоң аталары уста болгон жана бул өнөрдү атасынан үйрөнгөн.

«Бала кезимде атама ар кандай азем буюмдарды жасоого жардам берип жүрүп, устачылыкты өздөштүрүп алдым. Чоң аталарым дагы мыкты уста болушкан экен.

Учурда мүйүздөн жасаган жаа, бычак өңдүү бир катар буюмдар жакшы сатылууда. Ага көбүнчө чет жерден келген туристтер абдан кызыгышат. Бычактар 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин бааланууда. Негизи жаага буйрутмалар көп болот. Жалпысынан чет өлкөлүктөргө 70ке жакын жаа сатылды», - деди уста.

К.Токтосунов учурда Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп, түрдүү азем белектерди жасап жаткан убагы. Ошондой эле ал балдары анын жолун жолдоп, уста болушканын кошумчалады.

«Балдарым менден кыйын жасашат. Алар неберелериме дагы үйрөтүп жатышат. Устачылык аркылуу киреше таап келишет. Мен жылына 3-4 жаа, 30га жакын камчы жана көптөгөн азем белектерди жасайм. Жааларды 7 миң сомдон, ал эми камчыларды 200 сомдон 1000 сомго чейин сатсам, азем белектер 700 сомдон жогору бааланат», - деп кошумчалады ал.

К.Токтосунов 3 уул, 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×