Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Ысык-Көлгө 41 жаштагы киши жана жаш жигит чөгүп кетти

Turmush -  Кечээ, 1-августта Ысык-Көл облусунда 2 адам сууга чөгүп кетти. Алардын биринин денеси табылып, экинчиси изделип жатканын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 20:30 чамасында Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатында 1977-жылы туулган М.Т. аттуу эркек киши көлгө чөгүп каза болгон. Куткаруучулар маркумдун денесин суудан алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Turmush басылмасына маалым болгондой, каза болгон адам Ош облусунун Алай районунун М.Турдали аттуу тургуну болгон. Ал эс алуу үчүн келген.

Ошондой эле саат 00:50 чамасында Балыкчы шаарында 1995-жылы туулган Б.А. аттуу жигит сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иштерине ӨКМдин Балыкчы шаардык №19 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, бирок оң жыйынтык чыккан эмес. Издөө иштери бүгүн, 2-августта улантылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4498
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×