Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Балыкчыга келген ЖК депутаттарына шаар тургуну ылай суу куюлган банка алып келди (фото)

Turmush -  Жогорку Кеӊештин депутаттары Дюшалиев Абдыбек, Жамангулов Акылбек, Жунус уулу Алтынбек, Сабиров Максат, Турусбеков Бактыбек, Узакбаев Абылкайыр Балыкчы шаарында болушуп, жергиликтүү тургундардын кѳйгѳйлѳрүн угушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жолугушууда алгач мэр Алмазбек Мамбетов шаарда акыркы жылдары жасалган иштер тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде шаар тургундары бир нече көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алардын айтымында, шаарда мектеп жашына чейинки балдарга тарбия берүүнүн деӊгээли тѳмѳн бойдон калууда. Бала бакчаларды уюштурууга имараттар жетишпейт. Совет доорунда курулган имараттардын айрымдары мыйзамсыз сатылып кеткен. Аларды кайтарып алуу үчүн тийиштүү мекемелер тарабынан чаралар кѳрүлбѳй жатат. Шаарга караштуу «Маяк» пионер лагери да жеке мекчикке ѳтүп кеткен. Балдарды жай мезгилинде эс алдыруу үчүн лагерлерди уюштуруу маселелери чечиле элек.

Чыгып сүйлѳгѳндѳр шаарда калктын саламаттыгын сактоо маселеси да курч турганын белгилешти. Шаар тургундарынын айтымында, айрыкча үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборунун ишине дооматтар кѳп.

«Дарыгерлер дайыма эле компетенттүү, туура диагноз коюшпайт. Кезек күткѳндѳр кѳп. Догдурлар ѳз участкаларындагы бейтап адамдардын үйлѳрүнѳ барып, байкоо салып, дарылоо практикасынан алыстап кеткендиги байкалат. Натыйжада ооруган адамдардын кѳпчүлүгү борборго барып дарыланууга аргасыз болушат. Оорукананын ичиндеги жана анын айлана-чөйрѳсүндѳгү дары-дармектердин баасын кѳзѳмѳлгѳ алган эч ким жок. Мындай жагдайлар карапайым калктын нааразычылыгын пайда кылууда», - деп билдиришти тургундар.

Ошондой эле алар белгилегендей, Балыкчы шаарында таза суу маселеси курч бойдон калууда. Жашы улгайган байбиченин чогулушка ылай сууну банкага куюп, кѳтѳрүп келиши кѳпчүлүктүн кѳӊүлүн ѳзүнѳ бурду.

Анын айтымында, алар түтүктѳн күн сайын ушундай сууну ичүүгѳ аргасыз болушууда. «Бул сугатка берилген суу» деп актангандар болду. Эгер ошодой болсо «Эмне үчүн ал адамдар иче турган түтүктѳргѳ кошулуп калган?» деген суроого жооп берген эч ким болгон жок.

Мэрдин айтуусунда, эки жылдын аралыгында эки артезиан скважинасы казылып, бул кѳйгѳй чечилет.

Ал эми шаар тургундары: «Жаӊы скважиналар пайдаланууга берилгенге чейин шаар эли ушундай ылай сууну иче бериши керекпи, кокусунан кандайдыр бир жугуштуу кеселдер чыгып кетсе эмне болот?», - деп тынчсызданышты.

Ошондой эле тазалыкты сактоо маселеси көтөрүлүп, таштандылар тѳгүлүүчү жай эрежеге ылайык иретке келтирилбегени, баштыктар, кагаздар шамал болгондо кайрадан учуп келип, айлана-чѳйрѳнү, кѳлдү булгап жатканы айтылып, таштандыларды кайрадан иштеп чыгуучу ишкана куруу зарыл экени белгиленди.

Мындан тышкары жергиликтүү тургундардын айтымында, Балыкчы — транспортчулардын шаары. Тургундардын кѳпчүлүгү жүргүнчү жана жүк ташуу менен алектенип, ошол эмгеги менен үй-бүлѳсүн багышат. Бирок Кара-Кечеден кѳмүр ташыган айдоочулардын тобу ѳздѳрүнүн эмгектери жеткиликтүү бааланбай жатканына айрым мамлекеттик мекемелерге нааразы. Мындан улам алар акыркы эки айдан бери иш таштап, арызданып келишкенин депутаттарга дагы бир ирет билдиришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 750
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×