Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу 31.07.2018 22:21 На русском

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүн Акылбек Осмоналиев жетектеши мүмкүн

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүн Осмоналиев Акылбек Шарипович жетектеши мүмкүн. Бул тууралуу Turmush басылмасына булактар аркылуу белгилүү болду.

А.Осмоналиев буга чейин Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан. Аны бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын декабрь айында дайындаган болчу.

Ал эми өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурунку өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош облусуна ротация менен барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×