Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: 28 жаштагы Бактияр Ысык-Көлдөгү эс алуучуларды аба шарлары менен учуруп киреше табууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Эмгек-Талаа айылынын 28 жаштагы тургуну Бактияр Мырзабеков Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайкы сезондо эс алуучуларды аба шары менен абада сейилдөөгө чыгарат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аба шарларын ал Кытайдан 3 жыл мурун алдырткан.

«Алгач учкуч жок болгондугуна байланыштуу аба шарлары иштетилбей турган. Эми атайын команда топтодук, анда атайын окууну бүткөн учкуч Мамбетов Ислам жана жеке тез жардам бригадасынан турган жалпы 5 адам бар.

Аба шарлары учуучу аппарат болгондугуна байланыштуу асманда радар иштей албайт. Ошол себептен авиакырсык болуп кетиши ыктымал. Негизи учуунун эки түрү болот. Биринчиси, төрт тарабынан аркандап байлап, туруктуу метрге чейин көтөрүлүп кайра конот. Ал эң көп дегенде 100-150 метрге чейин көтөрүлөт. Экинчиси, «А» чекиттен «Б» чекитке жүргөн желдин илеби менен барып конот.

Мындай кызмат бир саатына 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин бааланат. Ал эми жүргүнчүлөргө киши башына 1000 сом. Сезондо 200 миң сомго чейин киреше табам», - дейт Бактияр Мырзабеков.

Ал үч бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1638
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×