Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.07.2018 11:05 На русском

Жети-Өгүздө 4 жыл мурун курулган мектептин имаратынан жарака кетип, урап баштады (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 4 жыл мурун курулган мектептин имараты начар абалда. Бул тууралуу Богатыров айылындагы орто мектептин директору Бермет Абдреева билдирди.

Анын айтымында, айылдагы жаңы мектептин курулушу 2012-жылы башталып, 2014-жылы колдонууга берилген. Бирок бүгүнкү күндө имарат колдонууга берилгенден бери чечилбей жаткан маселелер бар.

«Мектеп 200 окуучуга ылайыкталган. Бирок жаңы имарат көптөгөн кемчиликтер менен курулган. Мисалы, полу бузулуп, пайдубалынан жарака кеткен. Мындан тышкары сырттагы даараткана чөгүп, имараттын дубалдарынан жарака кетти. Биз балдар үчүн коркуп жатабыз, мүмкүн урап калат. Бул мектепти колдонууга берип жатканда мен мугалимдердин жанында болчумун, бардыгын атайын комиссия кабыл алган», - деди ал.

Б.Абдреева мектептин жаңы имаратындагы 3 кабинет кышында көгөрүп жатканын кошумчалады.

«Ушул жылдын сентябрь айында биз ысык тамак программасы боюнча иштешибиз керек. Бирок курулуш долбооруна карабай имаратта суу жок. Ошондой эле спорттук зал жана жыйын зал да каралган эмес», - деди директор.

Айыл аймактын жардамы менен мектептин аймагына спорттук аянтча курулган. Ал жерде окуучуларга жайында гана дене тарбия сабагы өтүлөт. Ал эми кышында дене тарбия сабагы спорт зал жоктугуна байланыштуу көпчүлүк убакта өткөрүлбөй калат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×