Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 31.07.2018 10:24

Балыкчыда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Сайкал Каныбекова табылды

Turmush -  Балыкчы шаарынын дайынсыз жоголгон 15 жаштагы тургуну Сайкал Каныбекова табылды. Бул тууралуу анын эжеси «Репортерго» билдирген.

Сайкалды 26-июлдан бери издеп жатышкан болчу.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, ал курбусу менен Балыкчыдан Бишкек шаарына келип, тааныштары менен жолуккан. Андан кийин алар борбор калаадан Нарын облусунун Жумгал районуна барып, кайра Бишкекке келип, ал жактан Балыкчыга жөнөп кетишкен.

«Учурда кыздын абалы жакшы», - деп билдирди ОИИБ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×