Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Балыкчыда 15 жаштагы Сайкал Каныбекова дайынсыз жоголду

Turmush -  Балыкчы шаарынын 15 жаштагы тургуну Сайкал Каныбекова 26-июлдан бери изделип жатат. Бул тууралуу анын эжеси «Репортерго» билдирген.

«Саат 9:30да үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген жок. Ошол күнү гүлдүү кофта жана жинсы кийин кеткен. Сайкал орто дене түзүлүштө, бою 150 см чамалуу жана чекесинде так бар», - деди Сайкалдын эжеси.

Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты. Сайкал тууралуу маалыматы барлар туугандары менен 0700 022 341 номуру аркылуу байланышса болот.

Сайкал Каныбекова

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4827
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×