Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.07.2018 15:30 На русском

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда тамакка ууланган адамдар ооруканадан чыгарылып жатат (видео)

Turmush -  Ысык-Көл районунда тамак-ашка ууланып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 2 адам палатага которулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы райондук оорукананын дарыгерлерине шилтеме берүү менен билдирди.

Дарыгерлердин айтымында, кечээ, 29-июлда абалы жакшы болгон 4 адам медициналык мекемеден үйлөрүнө чыгарылган. Бүгүн да 5 бейтапты ооруканадан чыгаруу пландалып жатат. Алар дарыланууну жашаган жериндеги медициналык мекемелерде улантышат.

Ууланууга Кемин районунун Шабдан айылында бышырылып, Ысык-Көлгө алынып келген тамак-аш себеп болушу мүмкүн деп болжолдонуп жатат. Алар кайнатылып бышырылган этти эс алууга ала келишкен. Бейтаптар аталган тамак-аш менен тамактанганына 3 саат болгондо өздөрүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген.

Буга чейин Ысык-Көл районунда тамак-ашка уулануу фактысы катталганын Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдаган.

Маалым болгондой, райондук ооруканага 13 адам жеткирилген. Алардын ичинен экөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ууланган адамдардын баары эс алуу үчүн Кемин районунан 27-июль күнү келип, Бостеридеги пансионаттардын бирине жайгашкан болчу.

Алар андан бир күн мурун союлган койдун этин, андан даярдалган быжы сыяктуу тамак-аштарды да ала келишкен. Ууланууга ошол эт себеп болушу мүмкүн деп болжолдонуп жатат.

Эс алуучулар пансионаттын аймагына 3 боз үй орнотуп, тамак-ашты өздөрү даярдап жатышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×