Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө боз үйлөрдү тигип, кой союп эс алып жаткандардын арасынан 13 адам ууланды

Turmush -  Ысык-Көл районунда тамак-ашка уулануу фактысы катталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, райондук ооруканага 13 адам жеткирилген. Алардын ичинен экөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ууланган адамдардын баары эс алуу үчүн Кемин районунан 27-июль күнү келип, Бостеридеги пансионаттардын бирине жайгашкан болчу.

Алар андан бир күн мурун союлган койдун этин, андан даярдалган быжы сыяктуу тамак-аштарды да ала келишкен. Ууланууга ошол эт себеп болушу мүмкүн деп болжолдонуп жатат.

Эс алуучулар пансионаттын аймагына 3 боз үй орнотуп, тамак-ашты өздөрү даярдап жатышкан. Учурда уулангандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүп, бул факты боюнча тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1719
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×