Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 28.07.2018 14:13 Жаңыланды: 28.07.2018 15:26

Ысык-Көлдө дагы бир кырсык. Спорт чебери Сталбек уулу Нурсултан көз жумду (толукталды)

Turmush -  Бостериде Ысык-Көл көлүнө дагы бир жаш жигит чөгүп көз жумду. Кийинчерээк ал дзюдо боюнча спорттун чебери Сталбек уулу Нурсултан экени маалым болду.

Бул маалыматты тастыктаган Кыргызстандын Дзюдо боюнча федерациясы спортчунун жакындарына көңүл айтуу жарыялаган.

Сталбек уулу Нурсултан 1993-жылы Чүй облусунда төрөлгөн. Ал Кыргызстандын чемпиону аталып, эл аралык мелдештерге да катышып келген. Ден соолугуна байланыштуу акыркы убактарда спорттон алыстап, ички иштер органдарында эмгектенип жаткан эле.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, окуя кечээ, 27-июлда Бостеридеги «Айкөл» пансионатына жакын аймакта болгон. Маркум достору менен эс алып жүрүп, сууга пирстен секирип кирген. Андан көп узабай буту тырышып жатканын кыйкырып айтууга жетишип, ошол бойдон сууга чөгүп кеткен.

Пансионаттын куткаруучулары аны суудан алып чыгып, жардам көрсөткөнү менен жыйынтык болгон эмес.

Сталбек уулу Нурсултан

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×