Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 27.07.2018 17:01 На русском

Чолпон-Атада жол тандабастар менен көл жээкке кирип кеткен 2 айдоочуга айып салынды (сүрөт)

Turmush -  Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору автоунаа менен көлдүн жээгине мыйзамсыз кирип кеткен жарандарды жоопко тартышты.

Инспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, тескөөчүлөргө 25-июль күнү Чолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо» эс алуу үйүнүн күн чыгыш тарабына эс алуучулар көл жээкке унаа менен кирип кеткендиги туурасында маалымат келип түшкөн. Инспекторлордун ыкчам текшерүүсүнүн негизинде «Тойота Ленд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү 2 унаанын ээлерине административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, айып салынды. Ошондой эле унаалар айып аянтчасына токтотулду.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлору Ысык-Көл облусунда жайгашкан эс алуучу жайлардын жээктерине жана жапайы жээктерге унаалары менен кирип жаткан жарандарга карата түшүндүрүү жана текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Көл жээгине 100 мерт жакындыкка унаа менен кирүүгө тыюу салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×