Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.07.2018 14:41

Каракол шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгын Венера Өмүралиева жетектейт

Turmush -  Каракол шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп Өмүралиева Венера Курманакуновна дайындалды. Мэриянын маалыматы боюнча, башкармалыктын мурунку жетекчиси Чынара Аблабекованы пенсияга салтанаттуу узатышты.

В.Өмүралиева эмгек жолун 1986-жылы Балыкчы шаарында инженер-гидрометр болуп баштаган. Андан кийин Идустриалдык техникумда мугалим, Ысык-Көл райондук социалдык камсыздоо бөлүмүндө бухгалтер, мамлекеттик жөлөк пулду чектөө боюнча Чолпон-Ата шаарындагы башкы инспектор, бөлүм башчы, аудит, сектор башчысы болуп эмгектенген.

Ошондой эле мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×