Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 27.07.2018 12:09

Балыкчыдагы мектепте уюштурулган жайкы лагерге 15 бала кабыл алынды (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде 3-5 жаштагы балдар үчүн «Эрте жаштагы балдарды өнүктүрүү» аталышындагы жайкы лагерь уюштурулду.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, программа балдарды тарбиялоо, бала бакчага даярдоо, рационалдуу окутуу, алардын ден соолугун чыңдоо менен жайкы эс алуусу үчүн бардык шарттарды түзүп берүү максатын көздөйт. Учурда жайкы лагерге 15 бала тартылды. Алар эртең саат 08:00дөн баштап 11:00гө чейин лагерде болушат.

Жайкы лагердин жетекчиси, аталган мектептин мугалими Акылай Асакееванын айтымында, чөйрөгө аралаша элек балдардын башкалар менен бирге болуусун калыптандыруу, улуттук оюндар аркылуу нравалык тарбия жана аларга инсандык багыт берүү милдеттерин коюшкан. Балдар ырдап, бийлеп, сүрөт тартып, ар кыл оюндарды ойноп, пластилин, аппликацияларды колдонуп, пайдаланганды үйрөнүп жатышат.

Жайкы лагерь 1 ай убакыт үчүн уюштурулган. Анда дүйшөмбү күнү бала-бакча жөнүндө маалымат берилип, бала бакчага балдардын кызыгуусун арттыруу, эмгекке үйрөтүү менен физикалыкалык жактан өнүктүрүү, кыймылды туура жасоого, туура секирүүгө үйрөтүү, ошондой эле айлана-чөйрө менен тааныштыруу каралган. Ал эми шейшемби күнү музыканын маанисин түшүнө билүүгө үйрөтүү менен музыканы сүйдүрүү, сүйлөө речин өнүктүрүү пландалып, шаршемби күнү геометриялык фигуралар менен тааныштырылып, алар менен буюм жасатып математикалык элементтер боюнча түшүндүрмө берилет. Бейшемби күнү дене тарбия сабагын өткөрүү, көркөм өнөрчүлүктү, сүрөт тартууну үйрөтүү, жума күнү логикалык ой жүгүртүүнү өстүрүү жана балдардын шыктуулугун аныктоо, ал боюнча иштөө пландалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×