Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 27.07.2018 10:20

Түптө өтүп жаткан шахмат боюнча эл аралык мелдешке 200 шахматчы катышууда (фото)

Turmush -  Түп районунун «Түп-Маяк» балдардын ден соолугун чыңдоо спорт борборунда 22-июлда башталган Дүпөн Дербишовдун жаркын элесине арналган шахмат боюнча жаштар арасындагы республикалык турнир быйыл 6-жолу өткөрүлүп жатат. Ал акыркы 2 жылдан бери эл аралык турнирге айланууда, деди шахмат федерациясынын Ысык-Көл облусу боюнча башкы машыктыруучусу, турнирдин башкы калысы Азамат Токтокожоев.

Анын айтымында, 28-июлда жыйынтыгы чыгарыла турган бул турнирге 200 бала катышууда. Казакстандан 30дан ашык, Өзбекстандан 11, Тажикстандан 9, Россиядан 2 спортчу жана өлкөнүн 7 дубанынан келишкен.

«Бул турнирдин уюштуруучусу Казакбай Дербишовдун демөөрчүлүгү менен байге фондусу 70 миң сомду түзүүдө. Андан тышкары балдарды алып келишкен машыктыруучулар менен ата-энелер ортосунда да шахмат боюнча өзүнчө турнир өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар берилет.

Бул турнирдин эл аралык мааниге айланып бара жаткан себеби, балдар бул жерден шахмат ойноп, көлгө түшүп, ден соолугун чыңдап гана кетпейт. Алар башка республиканын балдары менен достук мамиледе болушуп, тынчтыктын жылдызы жанып турушуна себепкер болот. Бул борбордун тейлөөсүндө айып жок. Бүгүн турнирдин башталганына 5 күн болду, таймаш өтө курч мүнөздө өтүп, турнирдин рейтинги да жогору болууда», - деди А.Токтокожоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×