Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 26.07.2018 17:44 На русском

Күтүүсүз төрөт. Казакстандык аял Ысык-Көлгө эс алууга келгенде көз жарды

Turmush -  Ысык-Көлдө эс алууда жүргөн казакстандык кош бойлуу аялдын төрөтү мөөнөтүнөн эрте башталып, бирок Чолпон-Ата шаарындагы төрөтканадан тиешелүү жардам ала алган эмес. Буга төрөтканада ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүүгө шарттын жоктугу себеп болгонун Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу аял Бишкектеги борборго жеткирилип, 6-июль күнү көз жарган. Эне-бала жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, ымыркай атайын аппаратка жаткырылган. Жети айлык ымыркай 1985 грамм салмакта төрөлдү.

Казакстандын элчилигинин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ымыркайды Тараз шаарындагы төрөт үйүнө которуу боюнча чечим кабыл алынган. Жамбыл облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгы атайын транспорт жөнөтүп, ымыркай 23-июлда Тараз шаарына жеткирилди.

Учурда эне-бала дарыгерлердин көзөмөлүндө жана алардын өмүрүнө коркунуч жаралган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×