Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 26.07.2018 16:36 Жаңыланды: 26.07.2018 17:11

Айыл турмушу: Түптө табигый чөптөрдөн жасалган түрдүү татымалдар сатыкка чыкты (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылынын тургундарынан түзүлгөн жамаат түрдүү татымалдарды жасап жатышат.

Жамааттын жетекчиси Элмира Акматбаеванын айтымында, бул жамаатта 13 адам эмгектенет жана алар ар түрдүү татымалдарды жасашат.

Алар чычырканактын мөмөсүнүн майдаланган күкүмү кошулган, майдаланган тимьян, мелисса табигый чөптөр кошулган, козу карындын майдаланган кукүмү кошулган, майдаланган ашкөк, сарымсак жана пияз кошулган шишкебек жасоого пайдалануучу татымалдарды чыгарып жатышат. Учурда мындай түрдүү татымалдарга суроо-талап көбөйүүдө.

«Тамакка кошулчу мындай татымалдар өзгөчө туристтердин кызыгуусун жаратып келүүдө. Татымалдар 25, 50, 130 граммдык чакан идиштерге жана баштыкчаларга салынып, дүкөндөрдө сатылууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×