Ысык-Көлдө дагы бир өрт. «Радуга» эс алуу борборундагы кафе толугу менен өрттөндү (сүрөт)
Turmush - Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Радуга» эс алуу борборунда жайгашкан «Искушение» кафеси толугу менен күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кафенин имараты 500 чарчы метр аянтты ээлеп турган.
Өрт учурунда имараттагы 7 газ баллондун ичинен 3 баллон жарылган. Учурда өрттүн чебеби такталып жатат.
«Искушение» кафеси өрткө чейин
Кечээ, 25-июлда саат 18:20 чамасында Ысык-Көл районунун Кожояр айылында жайгашкан «Лагуна Сити» пансионатында дагы өрт чыгып, 3 адам жабыркады.
ӨКМдин маалыматына караганда, өрт саат 20:06да чектөөгө алынып, ал эми саат 01:15те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жергиликтүү 3 тургун – 1984-жылы туулган Б.А., А.К. жана 1986-жылы туулган К.Р. II даражада күйүк алып, Ананьев айылындагы ооруканага жаткырылды. Ошондой эле жалпы аянты 1000 чарчы метр таунхаус толугу менен күйүп кеткен.